Биз менен байланышыңыз

Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 479 | 0

«Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын 18-майда расмий билдирди.

Иманкадыр Рысалиевдин мындай кадамга «КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы окуяларга байланыштуу барган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссиянын 17-майдагы жыйынында «Альфа Телеком» (Мегаком) ишканасынын башкы директору Акылбек Жаманкулов Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуу болгонун ачыктап, «үй бүлөңдү ойло, каматам, түбүңө жетем» деген СМС билдирүүлөр бар экенин айткан болчу.

Бул боюнча Иманкадыр Рысалиев ошол эле күнү Жаманкуловдун айткандарынын баары жалган экендигин айтып чыккан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM