Биз менен байланышыңыз

«Биздин балдар – планетанын келечеги!» аттуу бир айлык өтүүдө

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 2846 | 0

15-майда башталып, 15-июнга чейин «Биздин балдар – планетанын келечеги!» аттуу бир айлык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бир айлыктын алкагында иш-чарага жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан балдардын жана алардын ата-энелеринин катышуусунда үй-бүлөлүк баалулуктарды сактоого багытталган маданий-оюн-зоок, эс алуу жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Ошондой эле, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында үй-бүлөлүк мамилелерде руханий адеп-ахлактык салттарды сактоого жана үй-бүлөлүк тарбиялоого багытталган балдардын чыгармачылык сынактары, фестивалдары, мектептер арасында «Менин үй-бүлөм» темасында дилбаяндары боюнча сынак өткөрүү да каралган. 

Мындан тышкары, майып балдар үчүн да ар кандай майрамдык салтанаттар уюштурулат. 

Copyright © 2017 Maral FM