Биз менен байланышыңыз

Баткен: ИИМдин убактылуу кармоочу жайынын ачылышы болду

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 439 | 0

Бүгүн, 22-майда Баткен райондук Ички иштер бөлүмүнүн жаңыдан курулган убактылуу кармоочу жайынын имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жаңыдан салынган убактылуу кармоочу жайдын курулуш иштери 2018-жылдын август айында Эл аралык Кызыл Крест коомунун колдоосу астында башталган.

Жалпысынан 18 жаранга ылайыкташтырылган имарат заманбап типте салынып, киргизилген шектүүлөр жана айыпкерлерге шарттар толугу менен каралган.

Ал эми Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн бүгүнкү күнгө чейин өзүнө караштуу административдик имараты жок болгондуктан, Социалдык фонддун имаратында убактылуу келишимдин негизинде жайгашкандыктан ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Ал имарат Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын балансына өтпөгөндүктөн, быйылкы жылы Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов мэриянын балансында турган, башкача айтканда мурда Баткен райондук социалдык коргоо бөлүмү отурган имаратты ушул жылдын февраль айынан баштап Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнө ыйгарды.

Имаратты капиталдык оңдоп-түзөө Баткен шаарындагы ишкерлер тарабынан колго алынып, жалпысынан 600 миң сом сарпталган.

Copyright © 2017 Maral FM