Биз менен байланышыңыз

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 558 | 0

Бүгүн, 22-майда Баткен районунун Кара-Бак айылына жакын чек арадан ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Алынган маалыматтарга караганда, аталган айылдын Эски-Мазар аймагындагы көрүстөнгө сөөгү кечээ коюлган маркумдун тууган-уругу Куран окуганы барышкан. Ошол учурда Тажикстандын чек арачылары да келип, кыргыздар менен акыйлаша кетишкен. Жаалданган кыргыз тарап тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Өз учурунда тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан.

Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушту. Ошондой эле, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө, а бирок, алар бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылышууда.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Эске салсак, Эски-Мазар көрүстөнү мамлекеттик чек арадан 150 метр алыстыктагы Тажикстандын аймагында жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM