Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Памирлик кыргыздардын маселеси талкууланууда

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 447 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын демилгеси менен Памирден көчүрүлүп келген этникалык кыргыздардын маселесин талкуулаган жыйын өтүп жатат. Ага Тышкы иштер министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Социалдык коргоо министирлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, Ооганстандын Памиринде жашаган кыргыздардан 33 үй-бүлө 2017- жылы Өкмөттүн «Кайрылман» программасынын алкагында көчүрүлүп келген. Ал арада өкмөттүн кам көрүү шарттарына канааттанбаган айрым этникалык кыргыздар кайра көчүп кетишкен.

Памирлик кыргыздардын турак жай, кесиптик жана жалпы билим алуу маселелери толук кандуу чечилбей келет. Ушул маселеге байланыштуу депутат Нарын облусуна болгон сапарында Памирлик кыргыздардын маселеси менен жеринен таанышып келген.

Депутаттын берген маалыматына караганда, памирлик кыргыздардын балдарына жалпы билим берүү колго алынган. Жөлөк пул жана пенсия берилип жатат. Бир үй-бүлө Ат-Башы районундагы бала бакчада иштейт.

Ошондой эле, социалдык тармактарда талкууланып жаткан «Памирлик кыргыздар таштанды терип күн көрүп жатат» деген маалымат жалган экендигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM