Биз менен байланышыңыз

ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин саммити башталды

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 390 | 0

Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин саммити өз ишин баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаментинен кабарлашты.

Саммитке катышуу үчүн Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлери келишкен.

Алдын ала маалымат боюнча, катышуучулар ШКУга кирген мамлекеттердин башчыларынын саммитинде карала турган маселелерди талкуулашып, алар тууралуу документтердин топтомун даярдашат.

Эске сала кетсек, ШКУга кирген мамлекеттердин башчыларынын саммити 13-14 июнда Бишкек шаарында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM