Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Евразия жумалыгы» өтөт

Кыска кабар | 20 Июл 2019 | 553 | 0

25-27-сентябрда Евразия Экономикалык Комиссиясы Бажы биримдигине мүчө-мамлекеттер менен биргеликте IV «Евразия жумалыгы» эл аралык форумун уюштурат. Иш-чара Бишкек шаарында өтөт.

Быйыл, 2019-жылы ЕАЭБдин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгы белгиленет. Анда «Евразия жумалыгынын» негизги маселеси катары жалпы жыйынтык чыгарылып, Биримдикти өнүктүрүү иштери талкууланмакчы.

Форумдун максаты интеграцияны бекемдөө менен гана чектелбестен, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу жана өндүрүштүк кооперациясын кеңейтүү болуп саналат.

Андан тышкары, быйылкы Евразиялык жумалыкта жаштардын демилгелерин ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган ЕАЭБдин жаш лидерлер мектебин түзүү каралууда.

Быйылкы жылга 100дөн ашык компаниялар катышуучу ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү айыл-чарба жана тамак өндүрүү тармагына багытталган

Бул саамалыкта Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларусия жана Орусия өлкөлөрүнүн жетекчилерин, Бажы Биримдигине өнөктөш өлкөлөрдүн жогорку даражадагы кызматкерлери, ЕАЭБдеги жана дүйнөдөгү ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле экспорттук потенциалга ээ чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү чогулмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM