Биз менен байланышыңыз

ШКУ: Көңүлдө коопсуздук менен экономика

Саясат | 14 Июн 2019 | 1022 | 0

14-июнь күнү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында өттү. Ага уюмга мүчө 8 өлкөнүн башчысы жана байкоочу мамлекеттердин президенттери катышты. Саммиттин башталышында алгач уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүштү.

Андан соң Беларусиянын, Монголиянын, Ооганстандын, Ирандын президенттери жана ШКУ менен кызматташкан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кошулду.

Жээнбеков: «Экономикалык кылмыштуулукка каршы ШКУнун органын түзүү керек»

Президент Сооронбай Жээнбеков саммиттин төрагасы катары 2018-жылы Циндао шаарындагы жыйында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жумуштары аяктаганын жар салды. Ошондой эле, экономикалык жана соода тармагындагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир катар сунуш берди.

— ШКУ эл аралык уюмдун жаңы форматын түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө. ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча кеңешти улантууну сунуштайбыз. Учурда уюмдун экономикасын өнүктүрүүдө негизги ролду Эл аралык иштиктүү кеңеш жана Банктар аралык бирикмеси түзүп жатат. Биз өлкөлөр ортосундагы ишкерлердин кызматташуусун жакшыртуу үчүн практикалык чараларды көрүшүбүз керек.

Жээнбеков ШКУга мүчө өлкөлөр үчүн экономикалык кылмыштуулукка каршы бирдиктүү орган түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, экономикалык кылмыштуулук улуттар аралык мүнөзгө ээ. Бул кылмыш наркотикалык соодага, аткезчиликке, кирешени жашыртууга байланышканын айтты. Ошол себептүү мындай көрүнүш улуттук коопсуздукка да коркунуч жаратарын кошумчалады.

Кытай: «Экономикалык алакадагы ачыктык – учурдун талабы»

Кытай лидери Си Цзиньпин кыргыздын «Ырыс алды — ынтымак» деген макалын айтып, ШКУнун мүчөлөрүн биримдикке чакырды.

— Ынтымак — бактылуулуктун негизи. Андыктан, Шанхай духу менен кадамдаш бололу. Коопсуздук жаатында укуктук базаны өркүндөтүү жана маалымат алмашып туруу зарыл. Террордук күчтөргө бөгөт коюуну күчтөндүрүү керек.

Ал соода мамилелерди бекемдеп, экономикалык алаканы ачыгыраак кылуу зарылдыгын да айтты. Мындан сырткары, мамлекеттердин ортосундагы айыл чарба, медицина жаатындагы алаканы бекемдөөнү кошумчалады. Ошондой эле, ШКУ ар бир мүчө мамлекет өзүнө пайда көрө алчудай кызматташтыктын үлгүсү болууга умтуларын белгилеп, инвестиция тартууну, соода-сатыкты кеңейтүүнү улантууга чакырды.

Инновациялык илгерилөөнү сунуштаган Индия

Уюмга 2 жыл мурун мүчө болгон Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди ШКУнун эл аралык коомчулуктагы ордун жана ролун кеңейтүү үчүн Индия мүчө бойдон каларын айтты. Ал өз сөзүндө Индия телемедицина жана медициналык туризм жаатында өз тажрыйбаларын уюмдагы өнөктөш өлкөлөр менен бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

-Индия экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн телемедицина жана медициналык туризм жаатында тажрыйбасын үйрөтүүгө кызыкдар. Протекционизм эч качан, эч кимге пайда алып келген эмес. Биздин карым-катнашыбыз Дүйнөлүк туризм уюмунун алкагында дайыма ачык жана айкын болушу керек. Бул нерсе жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн өтө маанилүү. Индия айрыкча санариптешүү жана альтернативдүү энергия булактары жана климаттын өзгөрүшү багытында кызматташтыкты күчөтүп, тийиштүү чечим жана документтерге кол коюуну жактайт.

Өзбекстан: ШКУ өлкөлөрүн туристтик-маданий борборго айлантсак…

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышуучулардын көңүлүн кургап бараткан Арал деңизине бурду. Ал жактагы көйгөй дүйнөлүк деңгээлдеги коркунучка айланганын, миллиондогон адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып жатканын эскертти. Ошол себептүү ШКУ өлкөлөрүн бул маселе менен күрөшүүгө чакырды.

Мындан сырткары, айыл чарба багытында инновациялык концепцияны иштеп чыгууну, ошондой эле ШКУнун «жашыл алкагын» түзүүнү сунуштады.

— ШКУнун жашыл алкагын түзүү боюнча программа кабыл алуу актуалдуу маселе деп эсептейбиз. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн иштиктүү кеңешинин кездешип турушу үчүн экономикалык жолугууларды өткөрүп туруу туура болот. Мындай багыттагы биринчи форумду Самаркандда өткөрүүгө даярбыз. Парламенттик диалогду да колдойбуз. Муну менен катар тарыхый мурастарды сактоо, туризм тармагында кызматташтыкты тереңдетүү максатында жыл сайын ШКУга мүчө бир мамлекеттин шаарын туристтик маданий борбор деп атоону сунуштайм.

Токаев киберкоопсуздукка тынчызданды

Шанхай Кызматташтык Уюму— эң бир натыйжалуу жана абройлуу эл аралык уюм. Мындай пикирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев айтты. Ал ошондой эле, Казакстан ШКУнун алкагында маалыматтык коопсуздук борборун түзүү зарылдыгын ортого салды.

— Жаш уюм катары ШКУ өзүнүн өнүгүүсүндө көзгө басар ийгиликке жетишип, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бура алды. Биз ШКУнун мүмкүнчүлүгүн бекемдеп жана сактап калышыбыз зарыл. Мындан сырткары, терроризм көйгөйү глобалдык түйүндө да байкалууда. Киберкоопсуздукту камсыздоодо кошумча чаралар талап кылынып жатат. ШКУда маалыматтык коопсуздук боюнча борбор түзүү — бул, мейкиндиктеги коопсуздук үчүн маанилүү роль ойномок.

Андан тышкары, санариптештирүү тармагындагы Концепциянын алгачкы кадамдары катары жаш IT кызматкерлеринин форумун өткөрүүнү да сунуш кылды.

«Ооганстандагы согуштун токтошу ШКУнун коопсуздугуна кепил болот»

Наркотика, терроризм жана согуш Ооганстан үчүн негизги чакырыктар болуп эсептелет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Мохаммад Ашраф Гани айтып, коркунучтар үчүн күрөшүүдө бардык жардамга ачык экенин билдирди. ШКУдагы коопсуздуктун кепилдиги үчүн Ооганстанда тынчтык орношу керектигин белгиледи.

— Ооганстанда наркотика иштеп чыгарган 53 лаборатория жок кылынды. Аларга каршы чогуу күрөшүүбүз кажет. Өлкөдө коопсуздукту орнотуу үчүн миллиарддаган долларлар керектелет. Ооганстанда согуш басыла элек. Бул аймакта зордук-зомбулукту азайтуу жана дүйнөдөгү бардык өнөктөштөр менен бирге улуттук жана аймактык кызматташтыктын негизинде саясий чечим кабыл алуу зарыл. Бул үчүн Талибандар менен да консенсуска келүү керек.

Имран Хан: ШКУнун бирдиктүү валютасы болушу керек

ШКУнун жаңы мүчөлөрүнүн катарындагы Пакистандын премьер-министри Имран Хан уюмдун бирдиктүү валютасы болушу керектигин айтты. ШКУга кошулганына аз убакыт болгону менен өз позициясын бекемдей алганын жар салды.

— ШКУ – бул, тарыхый байланыштардын заманбап чагылдырылышы. Пакистан Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия жана Кытайдын ортосунда маанилүү байланышты камсыз кылат. Пакистандын калкы 200 миллиондон ашат. Бизде адамдык ресурс жана чоң базар бар. Көптөгөн табигый ресурстар, айыл чарба өндүрүмдөрү жана сапаттуу инфратүзүм бар.

Ал ошондой эле, Кытай тараптан демилгеленген «Бир алкак — бир жол» эл аралык форуму өлкөлөрдүн интеграциясы үчүн маанилүү кадам болуп эсептелгенин кошумчалады.

«ШКУну өнүктүрүү банкын куруу зарыл»

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон уюмдун экономикалык туруктуулугун бекемдөө үчүн ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү ишин тездетүүнү сунуш кылды. Андан тышкары, аймактардагы коммуникациялык-логистикалык абалды жакшыртып, транспорттук каттамдарды жаңылап жана жаңыларын курууга тажик тарап кызыкдар экенин айтты.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Бишкек декларациясына жана мындан тышкары, 21 документке кол коюлду.

Катышкан өлкөлөрдөн Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия жана Кыргызстан ШКУга мүчө болсо, Монголия, Беларусия, Иран, Ооганстан байкоочу болуп саналат.

Кыргызстан ШКУнун кийинки саммитин уюштурууну Орусияга өткөрүп берип, аталган иш-чара 2020-жылдын 22-23-июлунда өтө турган болду.

ШКУ саммити аяктады. 21 документке кол коюду

Эл аралык басылмалар ШКУ саммити тууралуу эмне деди?

Саммитке келген лидерлер жана учактар (сүрөт)

Copyright © 2017 Maral FM