Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммити аяктады. 21 документке кол коюду

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 1209 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өткөн саммитинде 21 документке кол коюлду. Отурумга ШКУга мүчө 8 өлкөнүн башчысы, 4 байкоочу өлкөнүн президенти катышты.

Кыргызстан ШКУнун кийинки саммитин уюштурууну Орусияга өткөрүп берип, аталган иш-чара 2020-жылдын 22-23-июлунда өтө турган болду.

Кол коюлган документтер наркотикага каршы күрөшүү, санариптештирүү жана маалыматтык-байланыштык технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, гуманитардык тармактар жана ШКУнун башка уюмдар менен кызматташуусу тууралуу болду. Андан тышкары ШКУнун Бишкек Декларациясына да кол коюлду.

Документтердин тизмеси:

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга Баңгизатка каршы стратегиясынын аткарылышы боюнча Программасынын пункттарын ишке ашыруу боюнча Иш планын (2019-2020-ж.ж.) бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин региондорунун башчыларынын Форумунун Регламентин бекитүү жөнүндө чечим;

— ШКУга мүчө-мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык Концепциясын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин региондор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Баяндамасын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2019-2021-жылдар мезгилинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча Башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Дүйнөлүк туристтик уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен «Астана» Эл ортосундагы финансы борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун Тамак аш жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечими;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— «ШКУ-Афганистан» Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасына кол коюу жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча маалымат билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан кол коюлган документтер:

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрү ортосундагы жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө келишим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2019-2021-жылдарга саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралар Планы;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Дүйнөлүк туристтик уюм ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Бириккен Улуттар уюму Башкармалыгы ортосундагы Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Эл аралык «Астана» финансылык борбору ортосундагы Өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— «ШКУ-Афганистан» Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасы.

 

Copyright © 2017 Maral FM