Биз менен байланышыңыз

ШКУнун саммитине байланыштуу алкоголдук ичимдиктерди сатуу убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 737 | 0

Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүндө 13-14-июнь күндөрү алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды. Бул Бишкекте өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине байланыштуу болууда. Бишкектеги дүкөндөрдө тийиштүү билдирмелер илинип турат.

Соода түйүндөрүнүн администрациясы билдиргендей, саммитин алдында Бишкек мэриясы жана Ички иштер министрлиги алкоголдук ичимдиктерди сатууну токтотуп турууну сунушташкан. Бүгүн, иш чаранын аякташы менен аталган өндүрүмдөрдү сатуу кайра улантылат.

Эске салсак, 13-14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммити өтүүдө. Ага 11 өлкөнүн башчысы катышууда.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM