Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев: Аткезчиликтин айынан 20 миң жумуш орун жоюлду

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 498 | 1

Кыргызстандагы бүгүнкү күндөгү аткезчиликтин айынан 20 миң жумуш орун жоюлду. 150 миллион сом төлөм социалдык фондго түшпөй калды. Мындай маалыматты «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда билдирди.

Анын айтымында бул маселе 3 жылдан бери көтөрүлүп келет. ЕАЭБге киргенден тарта базарларды импорттук товарлар ээлеп калды.

«Күйүүчү майдан башка да көп маселелер бар. Чек арачылар патриоттор эмес, алар аз акчага кызыгып, аткез товарларды өткөрүп жиберишет. Миллиондогон сомдор бюджетке түшпөй калууда. Атаандаштык жок. Ата мекендик өндүрүшчүлөр эбак эле мигрант болуп Орусияга кетип калышкан. Күйүүчү май эле эмес… Башка мамлекеттер цементти киргизбейт, өзүлөрүнүн базарларын бекемдеп жатышат, коргоо иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Эртең күйүүчү май, бүрсүгүнү башка товарлар болуп, биз 100 пайыз импорттук товар менен жашап калабыз», — деди Бакыт Төрөбаев.

Жагдай курч экенин бир катар депутаттар да айтып чыгышты. Айрымдар бул боюнча парламенттик саат уюштуруп, анын алкагында кароо керектигин айтышты.

Депутат Дастан Бекешов экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети бул маселени келерки аптада күн тартибинде карап, токтом кабыл алып, парламенттин отурумуна алып чыга турганын билдирди.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    28.06.2019 13:19

    Базар экономикасынан закону ошондой, товар, кымбат суроо талап бар жакка ото берет.
    Токтотуунун жолу озубуз арзан ондуруп сатышыбыз керек. Элди да ойлошубуз керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM