Биз менен байланышыңыз

Битир-садаганы терминал, мобилдик банкинг аркылуу берсе да болот

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 435 | 0

Эми жарандар битир-садаганы терминал жана мобилдик банкинг аркылуу да бере алышат. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы жарандарыбыз үчүн 2019-жылдагы битир-садага берүүнүн электрондук системасын РСК банкы менен биргеликте иштеп чыкты. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, эми жарандарыбыз битир-садаганы, зекетти РСК банктын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу муфтияттык эсептик төлөмүнө которушса болот.

Эске салсак, битир-садага жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып, битир-садаканын 2019-жылдагы баасын 35 сомдон 480 сомго чейин бекиткен.

Copyright © 2017 Maral FM