Биз менен байланышыңыз

«Айыптарды өзгөртүү боюнча 1 айда чечимибизди беребиз»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 465 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча айтканы бүгүнкү эле пикири эмес. Буга чейин бул маселени эл өкүлдөрү да бир канча ирет көтөргөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Айып пулдардын көлөмүн өзгөртүү боюнча 1 айдын ичинде чечимибизди беребиз. Бирок эл өкүлдөрүнүн да ою бар. Алар мыйзам долбоорун иштеп, өкмөткө макулдашууга жөнөтүшү мүмкүн. Жогорку Кеңеш менен бирге мыйзам долбоорун карап көрөбүз. Азыр мурдагы эреже боюнча айыптар салына берет»,  — дейт Саркулов.

Ал буга кошумча, айыптардын көлөмүн көтөрүү менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого болорун билдирди.

«Мисалы, 2013-жылы жол кырсыгынан каза болгон жарандардын саны 1 миң 200дөн ашып, айып пулдардын көлөмүн көтөрүү сунушталган. Мас абалында унаа башкаргандарга карата айып 1 миң 500 сомдон 15 миң сомго жогорулатылган. Натыйжада жыл ичинде унаа кырсыктын саны 30 %га төмөндөгөн».

Анын айтымында, айыптар коомдук коопсуздукка алынып келген коркунучка жараша коюлган. Алсак, калк жашаган аймакта коопсуздук курун курчанбаган жарандар үчүн айып пулдун өлчөмү миң сом болсо, чоң жолдордо бул сумма 3 миң сомду түзөт.

Саркулов мындан сырткары, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камера коюлган жерде жол чырактар, жол чийимдер жаңыланып, жол белгилер алмаштырылып жатканын белгиледи.

«Биздин жолдор Европанын жолдоруна салыштырмалуу кенен. Аны мындан да кеңейтүү үчүн дарактарды кыюуга туура келет. Жолдун баарын асфальт кылып, дарактарды кыйып салсак, экологияга терс таасирин тийгизет. Жол чырактар шаарда мэрия тарабынан коюлат. Бир жол чырак коюу үчүн 1 млн. сомдон ашык каражат кетет. Бишкек шаарынын аймагында жолдордун абалы күн сайын көзөмөлгө алынат», — дейт Саркулов.

Copyright © 2017 Maral FM