Биз менен байланышыңыз

Баткенде 330 млн сомдук аткез жүктү алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 404 | 0

Баткен облусунун  чек ара кызматкерлери  ири өлчөмдө аткез жүк менен өтүүгө аракет кылган адамды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Чек арадан 200 метр алыстыктагы Казан-Кыр аймагында Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаа Кыргызстандын жаранына таандык болгон жана ал көзөмөл өткөрүү бекетинен качып, мыйзамсыз тилкеден өтүүгө аракет кылган.

Унааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок 70 даана телевизор чыккан. Мыйзамсыз жүктүн жалпы наркы 330 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин аталган иш аймактык бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM