Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Түркия ооруканаларынан акысыз дарыланууга кошумча 50 орун берилет

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 540 | 0

Түркиянын ооруканаларынан дарылана турган кыргызстандыктар үчүн дагы кошумча 50 орун берилмей болду. Мындай чечим эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлеринин кечээ Женева шаарындагы жолугушуусунан кийин айкын болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти кабарлады.

Кечээ 20-майда Женева шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 72-сессиясынын алкагында, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев түркиялык кесиптеши Фахреттин Кожа менен жолугушкан.

Анда тараптар 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргызстан-Түркия Өкмөттөрүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медицина илимдери чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга карата кошумча протоколго кол коюшту.

Протоколго ылайык, Түркия өз ооруканаларында жыл сайын акысыз дарылануучу Кыргызстандын жарандарынын санын 100дөн 150гө чейин көбөйтүү боюнча милдеттенме алышты.

Copyright © 2017 Maral FM