Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: «Ачык Өкмөттүн» катчылыгын толугу менен жоюш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 21 мая 2019 | 593 | 0

«Ачык Өкмөт» долбоору өкмөт менен чогуу иштеши керек. Ал өз алдынча иштесе, көзөмөл жоголот. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Ачык Өкмөттүн» катчылыгын толугу менен жоюп, анын милдеттерин өкмөттүн аппарат башчысы же жогорку эшелондогу чиновник аткарса, жакшы натыйжа берет.

«Эртең эл аралык уюмдардан каражат жок болуп калса, долбоорду ким көтөрөт? Керек болсо долбоорго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев төрагалык кылып, өз колуна алышы зарыл. Долбоорду колдогон 188 уюмга да төраганы шайлоо боюнча укук берилиши керек. Мындан сырткары, катчылыктын жобосун карап чыгуу абзел. Системалык катачылыктар болушу мүмкүн, аны оңдоп койсок жакшы болот. Бирок туугандардын башкаруусуна жол бербөө зарыл», — дейт Тажыбай.

Ал буга кошумча, чиновниктердин туугандарын эл аралык уюмдарга жумушка орноштуруусу көнүмүш адатка айланганын сынга алды.

«Президент муну токтотуп жоюшу зарыл. Болбосо жемкорлук улана берет. Сырттан келген жардамдарды натыйжалуу пайдалануу кажет. Парламент, бизнес сектор, жергиликтүү кеңеш, жарандык коом биргеликте иш алып баруусу керек. Өкмөт аларды кызматташуу үчүн ишке тартпайбы, айтор эл аралык долбоорлор жакшы иштебей, коррупцияга жол ачылууда. Сындан алыс болуп, сунуштарды берип, активдүү иш алып барса жакшы болот», — дейт саясат талдоочу.

Тажыбай долбоор өкмөт менен жарандык коомду байланыштырып, мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугу үчүн түзүлгөнүн эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM