Биз менен байланышыңыз

Баткен: Айыл тургундары менен тажик чек арачыларынын ортосунда чыр чыкты

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 432 | 0

Баткендин Кара-Бак айылында жергиликтүү тургундар менен тажик чек арачыларынын ортосунда чыр чыкты. Окуя кечээ айылдагы Эски-Мазар чөлкөмүндө катталганын чек ара кызматы бүгүн кабарлады.

Алынган билдирүүлөргө караганда, айыл эли шаймандарын коюп келген чек арадагы сарайдын каалгасын белгисиз бирөөлөр бузуп-талкалаган. Аны оңдоого барган Баткендин тургундарына тажик чек арачылары тоскоолдук кылган. Кыргызстандын чек арачылары окуя болгон жерге келип, тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада кыргыз тарапка сарайдын каалгасын оңдоого жана мындан ары пайдаланууга уруксат берилген.

Маалыматка ылайык, бул сарай кыргыз-тажик чегинин болжолдуу сызыгынан 5-6 метр Тажикстан тарапта жайгашкан. Чөлкөм белгиленген эмес, факты жүзүндө гана Кара-Бак айылынын эли пайдаланып келет.

Тажик тарап аталган жерде кызмат өтөгөн чек арачыларга, ал эми Кыргызстандын чек арачылары жергиликтүү бийлик менен биргеликте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM