Биз менен байланышыңыз

Эрдоган шайлоочуларга нааразы

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2019 | 737 | 0

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоочуларга нааразылыгын билдирип: «Курсагын тойгузуп жатсак да, бизге добуш беришпейт», — деди. Бул тууралуу ал өзү жетектеген «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» (АК Партия) партиясынын чогулушунда айтты. Мындай билдирүү түрк шайлоочуларынын катуу сынына кабылып, ким-кимди багып жатканын эскерткен билдирүүлөр социалдык түйүндөрдө байма-бай жазылууда.

Ошондой эле, ал өзүнүн акыркы кадамдарына каршылык билдирген мурунку президент, партиялашы Абдулла Гүл жана мурунку Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу тууралуу: «Алар мага ичи тардык кылууда. Абдулла Гүл эч качан партиянын түзүүчүлөрүнүн бири болгон эмес. Давутоглу болсо анын «кеңешчиси» болгондон башкага жарабайт», — деп сындады.

Эске салсак, 31-марттагы жергиликтүү шайлоодо Стамбул шаарынын мэрлигине жарышта утулуп калган Биналы Йылдырым жана Ак Партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Жогорку шайлоо комитетине арызданып жатып жокко чыгарткан. Бийликтин мындай зордукчул аракетин мурунку президент Абдулла Гүл сынга алган болчу.

Ал эми Стамбул башчылыгына жеңишке жетишкен Имамоглунун тарабы бийликти одоно мыйзам бузуулар жана шайлоо участкаларынын кызматкерлерине карата коркутуп-үркүтүүлөр боюнча айыптоодо.

23-июнь Стамбулдун мэрин кайрадан шайлашат.

Copyright © 2017 Maral FM