Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: «Ачык Өкмөт» ишинин натыйжасын жогорулатуу зарыл

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 477 | 0

«Ачык Өкмөт» улуттук форумунун ишинин деңгээлин жогорулатуу боюнча натыйжалуу көрсөткүчтөргө жетишүү зарыл. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Ачык Өкмөт» улуттук форумунун 6-жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө улуттук форумдун 5-жыйынынын протоколун аткаруу, 2018-2020-жылдары «Ачык Өкмөт» түзүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планында каралган милдеттемелерди жана иш-чараларды ишке ашыруунун жана жарым жылда аткарылган иштер жөнүндө отчет даярдоонун жүрүшү тууралуу маселелер каралды.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, иш-аракеттердин улуттук планы бекитилгенден бери 7 ай өтүп, жыйынтыгы боюнча оң жана терс натыйжаларды белгилөөгө болот.

«Ачык Өкмөт» принциптерин киргизүү боюнча Юстиция министрлиги жана Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы активдүү иштерди жүргүзүүдө. Жакшы натыйжалары аркылуу аталган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү 29-31-майда Канадада өтө турган «Ачык Өкмөт» глобалдык саммитине катышышат. Мындан тышкары, саммитке катыша турган органдарга иш-чараларды жүзөгө ашырууда активдүү көмөк көрсөткөн милдеттемелердин демилгечилер – жарандык коомдун өкүлдөрү дайындалышты», — деп билдирди ал.

Ошондой эле «Ачык Өкмөт» форумунун 5-жыйынынын протоколун аткаруу боюнча белгилүү бир кемчиликтер бар экендигине токтолуп, отчеттуулукту электрондук түргө өткөрүү айрым мамлекеттик органдарда киргизиле электигин кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилерине эки жумалык мөөнөттө иш-аракеттердин улуттук планында каралган милдеттемелерди жана иш-чараларды аткаруу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүү жана тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгү (OGP) — өкмөттөрдүн ачыктыгын, жарандардын укуктарын жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү, коррупция менен күрөштү жана башкарууну күчөтүү үчүн жаңы технологияларды колдонууну камсыздоо боюнча милдеттемелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге. 2018-жылы аткарууга 19 милдеттемени кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM