Connect with us

Ошто «Акыркы коңгуроо» аземи катуу көзөмөлдөнөт

Кыска кабар | 20 Май 2019 | 596 | 0

Бүгүн, 20-майда Ош шаарынын мэриясында «Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык Билим берүү башкармалыгынын, Ички иштер башкармалыгынын, мэриянын тийиштүү өкүлдөрү жана мектеп директорлору катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө, Нурбек Кадыров тиешелүү жетекчилерге 25-26-май күндөрү мектептерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу иш-аракеттерин күчөтүүнү тапшырды.

25-май күнү шаардагы бардык мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде акыркы коңгуроо учурунда коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөйт. Ал эми, 25-26-май күндөрү жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү шаардын чет жерлеринде жайгашкан эс алуу жайларына барган унааларды да көзөмөлдөйт.

Мындан сырткары, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге «Акыркы коңгуроого» акча чогултууга жана окуучуларга бул күндү көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынат. Ал күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт. Ошондой эле, Билим берүү башкармалыгынын бөлүмдөрүндө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга да тыюу салынат.

Copyright © 2017 Maral FM