Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак 2019-2020-жылдарга Кызматташуу программасына кол коюлду

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 390 | 0

Бүгүн, 20-майда Казакстандын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн башчылары тар жана кең чөйрөдө кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты. Союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү жактай тургандыгын белгилешти.

Ошондой эле, министрлер экономикалык кызматташтыкка, өз ара соода-сатыкка жана жүк ташууларды ишке ашыруудагы бөгөттөрдү четтетүүгө, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кээ бир өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртууга, туристтик жана башка чөйрөлөрдө биргелешкен аракет жасоого өзгөчө көңүл бурушту.

Сүйлөшүүлөрдүн башында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары «Ак-Жол»  жана «Кордай» өткөрмө бекеттеринин иши менен жеринен таанышып, реконструкциялоо маселелерин талкуулашты.

Бул жолугушууда өткөрмө бекеттин инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иштерди баштоо үчүн эки өлкөнүн профилдүү ведомстволору жакынкы убактарда бардык зарыл иш кагаздарды макулдашууну сүйлөшүштү.

Сапардын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2019-2020-жылдарга Кызматташуу программасына, ошондой эле чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн участкасы жөнүндө Кыргыз Өкмөтү менен Казак Өкмөтүнүн ортосундагы протоколго кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM