Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарын кабыл алды

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 406 | 0

Бүгүн, 20-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеиновду жана түрк тилдүү мамлекеттерден келген акындарды кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мэр «Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» салтанатынын ачылышы жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, мындан ары да жыл ичинде түрдүү эл аралык иш-чаралар өтүп турарын билдирди. Калаа башчысы келген конокторго ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды.

Ош шаарында азербайжан элинин белгилүү акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын «Поэзия кечеси» өтөт.

Иш-чара 16:30да Кыргыз-Өзбек университетинде башталат. Ага Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Македония, Казакстан, Якутия, Башкыртстан жана Кыргызстандын акындары катышат. Конокторду ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин коштоп жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM