Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыда Аскер комиссариатынын бөлүм башчысы пара алып кармалды

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 450 | 0

Ат-Башы райондук Аскер комиссариатынын бөлүм башчысы Ж. у. Н. 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, кармалган Ж. у. Н Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүмүнө жумушка орноштуруу үчүн 70 миң сом талап кылган. Кармоо учурунда 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты Ж. у. Н.нын өздүк автоунаасынан табылды.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган жаран Нарын шаарынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM