Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 423 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда  ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышууга келгендер менен жолугушту. Бул тууралуу Призиденттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков аталган кеңештин эл аралык аскерий-саясий өз ара аракетинин абалын жана болочогун туруктуу түрдө талкуулап жатканын, ошондой эле, уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын бирдиктүү калыпка келтирүү маселелери боюнча чоң иштер жасалганын айтып, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы өлкөлөрдүн ортосундагы жемиштүү кызматташтык үчүн азыркыдан да көбүрөөк салым кошо ала тургандыгын билдирди. Мындан сырткары, уюмдун форматында террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүү жөнүндө мамлекет башчыларынын чечимин аткаруу создугуп жатканын белгилеп, Жамааттык коопсуздук Кеңешинин төрагасы катары  Сооронбай Жээнбеков улуттук мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тездетүүнү өтүндү.

Иш-чаранын соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынынын күн тартибинде олуттуу маселелер көп экенин белгиледи.

«Бүгүн кабыл алынуучу чечимдер жалпы коопсуздукту бекемдөөгө жана азыркы кездеги чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууга өбөлгө болот,»- деди мамлекет башчы..

Copyright © 2017 Maral FM