Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.
Мамлекеттик чек ара аркылуу көзөмөл-өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат.
Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагынын «Ак-Тилек-Автожол» өткөрүү бекетинде чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте 3-4 жүк ташуучу автоунаа турат. Казак тарап саатына 5-6 унааны текшерип өткөрүүдө. Ошондой эле, кыргыз тараптын чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жүк ташуучулар үчүн чектөө жоктугун билдирет.
Кыргызстандын чек арачылары жүктөрдөн тыюу салынган баңгизаттар жана алардын прекурсорлору, курал-жарак, ок-дары жана жарылуучу заттардын бары-жогун гана текшерүүдө.
«Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын башка өткөрүү бекеттеринде адамдардын жана автоунаалардын топтолгондугу байкалбайт», — деп айтылат билдирүүдө.
Бир жараан
21.05.2019 15:29
КПП Кара Сууга барын корсун да ошондо корот тыгын толтура айдоочулар 1.5 айдан бери абал эч озгоруусуз деп атат
Бир жараан
21.05.2019 15:30
КПП Кара Сууга барып корсун да ошондо корот тыгын толтура айдоочулар 1.5 айдан бери абал эч озгоруусуз деп атат жук ташуучу фуралардан кезек километрлеп экен