Биз менен байланышыңыз

«Акыркы коңгуроо» мектептердин короосунда гана болот

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 525 | 0

«Акыркы коңгуроо» боюнча буйрук чыгарылып, ар бир мектепке жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринини орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, ар бир мектеп жетекчилиги менен түздөн-түз чат иштеп жатат. Эгерде буйрукка баш ийбегендер болсо, эмгек кодексинин алкагында түшүнүк кат алынып, мектеп жетекчилигине, өткөрүүгө жооптуу кызматкерлерге чара көрүлөт.

«Акыркы коңгуроо» 25-майда өтөт.

Надира Жусупбекова «Акыркы коңгуроо» иш-чарасын дагы башка форматта өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

«Мектептин короосунда гана жакшы маанай менен өтсүн деп түшүндүрүп жатабыз. Бизге Wats App аркылуу кайрылгандар болсо, өз убагында чечкенге аракет кылып жатабыз. Маселен, апрель-май айында 72 кайрылуу келип түшкөн. Алар дароо чечилип, түшүндүрүү иштер жүрүүдө», — деди министрдин орун басары.

Copyright © 2017 Maral FM