Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Бирдиктүү терезе боюнча жыл соңунда жыйынтык болот

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 424 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде мекемеде бирдиктүү терезе иштебей турганын билдирди.

«Биз чет өлкөлүк компания менен келишимге келдик. Алар өкмөт аркылуу грант ачып, бирдиктүү терезенин үстүндө иштеп жатат. Жыл соңунда жыйынтык көрсөтөбүз. Мамлекеттик каттоо кызматы, Социалдык фонд, Салык кызматы жана башка мамлекеттик органдардан маалымкаттарды алууга шарт түзүлөт. Бир топ мекемелер электрондук базаны түзө элек. Эгерде электрондук айыл өкмөттөр түзүлгөндө, жарандардын мүлкү боюнча туура маалымат алууга мүмкүнчүлүк  болмок. Айрым үй-бүлөлөр мүлкүн туура эмес көрсөткөн. Андыктан, автоматташтыруу актуалдуу болуп турат. Буга кеткен каражат тез арада жемишин берип, маморгандарга ишенимди пайда кылат», — дейт Кочкоров.

Ал кошумчалагандай, министрлик жарандарга жалпы 25 категория боюнча жеңилдиктерди төлөп келет. Бул тизме 2010-жылдан бери карала элек. Ошол кезде өкмөт тарабынан  категорияларды өзгөртүүгө жана жеңилдиктердин суммасын көтөрүүгө мораторий киргизилген.

Кочкоров тизмени кайра карап чыгуу зарыл экенин белгилейт. Анткени, Баткен согушунун катышуучулары да жеңилдиктерди талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM