Биз менен байланышыңыз

«Мындан ары жөлөк пул берүүдө муздаткыч, сыналгы мүлк катары эсептелбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 516 | 0

Учурда аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына социалдык жөлөк пул берүүдө муздаткыч, сыналгы мүлк катары эсептелбейт. Мындан улам, жөлөк пулга арыз тапшырып, бирок ала албай калгандар кайрадан кайрылса болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пул чегерүүдө чоң ата, чоң энелердин пенсиясы үй-бүлөнүн кирешеси катары каралбайт.

«Азыр чогуу турган чоң ата, чоң энесинин пенсиясы жөлөк пул берүүдө эсепке алынбайт. Бирок алардын мүлкү эсепке алынат. Алсак, жер үлүшүнөн түшкөн киреше, мал жандыктар… Эгерде үй-бүлөдө жан башына 4төн кой туура келсе, заводдон чыкканына 20 жыл боло элек жаңы унаасы болсо, анда жөлөк пул берилбейт. Кызматкерлерге калкка жеткиликтүү жерлерге жөлөк пул алуучулардын тизмесин илгиле дедим. Эл да карап, бизди көзөмөлдөйт. Ал үчүн коомдук көзөмөлдү киризели деп жатабыз. Алдыда ар бир райондо 11 кишиден турган комиссия түзүлөт», — дейт Кочкоров.

Кочкоров белгилегендей, министрлик жыл сайын жөлөк пулга жалпысынан 10 млрд. сом коротот. Бул каражат республикалык бюджеттин 10 %га жакынын түзөт. Бюджеттин тартыштыгынан улам, ал сумманы көбөйтүүгө шарт жок. Мамлекет экономиканын өсүшүнө жана бюджетке жараша жарандарды социалдык камкордукка алат.

«Элде жөлөк пул алуу боюнча маалымат жок. Биз атайын роликтерди даярдап, социалдык тармактар аркылуу тараттык. Райондук башкармалыктарга да маалымат таратылган. Биздин расмий сайтыбызда электрондук калькулятор бар. Жаран анда көрсөтүлгөн суроолорго толук жооп берсе, жөлөк пул берилип же берилбеши дароо аныкталып көрсөтүлөт. Жөлөк пулду ата-эне кандай колдонуп жатканына кийлигише албайбыз»,  -дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM