Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Коррупциялык тобокелчиликтердин 95%ын аныктап чыктым

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 637 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде мекемедеги коррупциялык тобокелчиликтердин 95 %ын аныктап чыкканын билдирди.

Анын айтымында, учурда коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча иштер жүрүүдө.

«Жөлөк пулга арыз бергени келгендерге «документ топтоп кел» деп, улам жаңы тизме берилет. Келген адамды келбегендей кылып коюшууда. Келген ар бир адамды электрондук каттоого алып, анын жыйынтыгында маселе чечилип же чечилбегени боюнча база болушу керек. Кызыкчылыктарын чечпей калганы үчүн жаран кайрылбагандай кылып койбосун деп жатабыз», — дейт Кочкоров.

Кочкоров буга кошумча, «Баатыр эне» орденин ыйгарууга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин тиешеси жок экенин эске салды.

«Баатыр эне наамын берүү жергиликтүү бийликте, райондук акимчиликтерде, Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияда каралат. Баатыр энелер пенсияга чыкса, кошумча 1000 сом алат. Эмгек стажы жок пенсияга чыккан Баатыр энелер бизден 1000 сом алат. Бул маселени жеңилдетип көрсөк жакшы болот. Аны колдоого алуу зарыл», — дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM