Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков “Борбордук Азия+Япония” VII кеңешмесине катышты

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 536 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган делегация “Борбордук Азия+Япония” диалогунун тышкы иштер министрлеринин VII кеңешмесинин кеңешмесине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинен билдиришти.

18-майда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн кеңешменин алкагында тараптар туризм, соода, инвестициялар жана өнүгүү чөйрөсүндөгү регионалдык кызматташтыктын, ошондой эле регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашты. 

Катышуучу-өлкөлөрдүн ортосунда жогоруда белгиленген чөйрөлөр боюнча кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө Кыргызстан кызыкдар экендигин Чыңгыз Айдарбеков белгиледи. 

Жыйындын соңунда тараптар биргелешкен билдирүүгө кол коюп, туризм, транспорт, логистика жана айыл-чарбасы чөйрөлөрүндө практикалык өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүү багыттарында регионалдык кызматташтык боюнча иш-аракеттердин планын кабыл алышты. 

Диалогдун алкагындагы төрагалык Япония тарабка өттү. 

Ошондой эле, Ооганстандын Тышкы иштер министри С.Раббани 7-Кеңешменин ишине ардактуу конок катары катышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM