Биз менен байланышыңыз

20-майда расмий иш сапары менен Казакстандын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 459 | 0

Эртең, 20-майда расмий иш сапары менен Казакстандын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловдун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат департаментинен билдиришти.

Бейбут Атамкуловдун Кыргызстанга болгон иш сапарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен тар чөйрөдө жана кең чөйрөдө жолугушуусу болот.

Эки тараптуу жолугушуу протоколдук сүрөткө түшүү менен башталып, андан соң тар чөйрөдө жана кең чөйрөдө жыйын өтөт.

Жыйындын аягында жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтык жыйын өткөрүшмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM