Биз менен байланышыңыз

Адам сабалганы тартылган видео боюнча сотко чейинки иликтөө башталды

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 487 | 0

Акыркы убактарда социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында белгисиз адам башка бирөөнү сабап жаткандыгы жөнүндө видео таркоодо. Сабалган адам атайын багыттагы отряддын мурдагы кызматкери экендиги жана сабап жатышкандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги көрсөтүлгөн. Бул факты боюнча текшерүү жүрүп жатканын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жалал-Абад Ички иштер башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.

Жабырлануучуну сабап видеого түшүп калган жарандардын өздүгү такталып, алар Сузак районунун жана Таш-Көмүр шаарынын үч тургуну болуп чыккан.

Андан сырткары, жогорудагы укук бузган иш-аракеттердин уюштуруучусу делип, 1988-жылы туулган М. Э. аттуу «Чач» каймана аты бар жаран текшерилүүдө. Ал УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Сабалган адам атайын багыттагы отряддын мурдагы кызматкери деген маалымат такталды. Ал Жалал-Абад ОИИБине 15 жыл мурда иштеген. Үч жылдан ашык иштеген соң, 2004-жылы кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн жумуштан бошотулган. Болжолдуу алдын ала маалымат боюнча, М. Э. аттуу жарандын үйүнө 7-май күнү кечинде 7-8 адам келип, көчөдөн себепсиз ур-токмокко алышып, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен.

Кол салгандардын бирөөсү бычак такап зомбулук көрсөткөн, экинчиси ок атуучу курал менен коркуткан, үчүнчүсү телефонго тартып алган. Ошондой эле, видеодо Сапар аттуу адамдын аты айтылгандыктан, ал дагы такталып, жабырлануучунун классташы жана жеке ишкер болуп чыккан.

Учурда Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM