Биз менен байланышыңыз

Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 595 | 0

«2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүү улуттук стратегиясында жарандык коомду өнүктүрүүгө көңүл бурулган», — деп билдирди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарында серепчилердин, билим берүү чөйрөсүнүн, жеке жана мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн «Жарандык коом – Өнүгүүнүн жаңы жолдору» аймактык конференциясында.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө өлкө Өкмөтүнүн жарандык сектор менен өз ара аракеттешүүсүнүн негизги аспектилерине токтолуп, тигил же бул чечимдерди кабыл алуу, жарандык коом уюмдарын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү катары тартуу механизмдерин киргизүү, мамлекеттик социалдык буйрутманы колдонуу тажрыйбасын кеңейтүү процесстерине жарандык коомдун таасирин белгилеп өттү.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баса көрсөткөндөй, жарандардын мамлекет менен оңдуу өз ара аракеттешүү процесси мамлекеттин легитимдүүлүгүн жогорулатат, жарандарды тартуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртып, мамлекеттик финансыларды башкарууну өркүндөтөт жана ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту жана социалдык интеграцияны камсыздайт.

«Жарандык коом – Өнүгүүнүн жаңы жолдору» конференциясынын ишине Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, АКШ, Бразилия, Бельгия, Орусия, Украина жана Армениянын өкүлдөрү катышышты.

Аймактык конференция Борбор Азия университетинде түзүлгөн «Жарандык коом демилгелери» программасынын алкагында уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM