Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Азыркы өкмөттүн системасы президентке ыңгайлуу

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 506 | 0

Өкмөттүк кризис мурда да болуп келген. Аны президент Сооронбай Жээнбеков да, парламент да, коомчулук да жакшы билет. Мындай пикирин саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Азыркы өкмөттүн системасы президентке ыңгайлуу. Өлкө башчы өзүнүн ыңгайын ойлоп, ушул бойдон калтырып коюшу да мүмкүн. Эгерде коом өнүксүн десе, президент реформага барышы керек. Эң өкүнүчтүүсү, Жээнбеков коомдогу көйгөйлөрдү көзгө сайын көрсөтөт да, эмне үчүн реформага барбайт? Биз президенттин бир нерсе деп айтышын күтөбүз», — дейт Бөрүбашев.

Ал мындан сырткары, өлкөдө бийликтин башына өз камын ойлогон, ичи тар адамдар келип алганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM