Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Учурда бизге президенттик башкаруу керек болуп турат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 912 | 0

Учурда бизге президенттик башкаруу керек болуп турат. Анткени, парламенттик башкаруу 10 жылга жакын аралыкта жараксыз экенин далилдеди. Мындай пикирин саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө президентти эл шайлап, ал баарын өз мойнуна алып, жооп бериши керек. Ошондо гана башкаруу системасы эффективдүү болот.

«Парламенттик башкаруунун түбүндө чириген партиялык система турат. Бизге жооптуу башкаруу системасы керек. Башкача айтканда, парламенти болобу, президенти болобу жооп беришсин. Алсак, өлкөдө маселенин баары 2 өкмөттө каралат. Биринчиси, биздин расмий өкмөт, экинчиси, Президенттин Аппараты. Бирок өкмөт садага чабылып жатат. Маселени кароодо Президенттин Аппараты кошо турат да. Эмне үчүн муну айтышпайт? Баш мыйзамда өлкөнүн ички саясатын аныктай турган орган көрсөтүлгөн эмес. Демек, мамлекетке жооп бере турган адам жок?» — дейт Бөрүбашев.

Ал мындан сырткары мыйзамдарды алгач бийликте тургандар бузарын белгиледи.

«Азыр ЖКдагы саясий партиялар Башмыйзамды бузуп келишкен. Анткени, Башмыйзамдын 4-беренесинде мамлекеттик, муниципиалдык, партиялык институттар бирикпесин, мамлекеттик мекемелерде саясий пария түзүлбөсүн деп айтылган. Бирок парламентте фракциялар отурат. Алар өздөрү баш болуп, мыйзамды бузуп жатышат. Бүт баарына өкмөт башчыны күнөөлөбөй, Башмыйзамдан баштоо зарыл. Абылгазиев — тескери көрүнүштүн туундусу. Мындан сырткары, саясий партиялар жөнүндө мыйзамды карап чыгышыбыз керек», — дейт саясат талдоочу.

Copyright © 2017 Maral FM