11-сентябрда «Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиардык тендер» аттуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жана унаалардын техникалык паспортун даярдоо үчүн жарыяланган тендердеги көмүскө иштерди иликтеген видеомакала Temirov LIVE Ютуб каналында эфирге чыгып, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Андан соң аталган тендер буга чейин эле жокко чыгарылганын, учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов видеокайрылуу аркылуу билдирди. Садыр Жапаровдун кудасынын бийликке келиши коррупциядан кабар береби? Канткенде тууганчылыктан арылабыз? «Кол ийрисине тартат» системаны ким көзөмөлдөйт? Бул суроолордун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык.
Буга чейин Factcheck.kg сайты Мамкаттоого караштуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын башчысы Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун эжеси Акат Жапарованын жубайы Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууган иниси экенин жарыялаган. Ошондой эле Садыр Жапаровдун дагы бир эжеси Райкүл Жапарованын кудасы Таштанбек Каймазаров өткөн жылдын 21-октябрында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагалыгына дайындаган.
Президент Садыр Жапаров кудаларынын бийликке келгени катачылык экенин, аны танбасын айткан. Ошол эле учурда алардын октябрь окуяларында өлкөдө башаламандыкты болтурбоо үчүн убактылуу кызматка барышканын белгилеп, президенттик шайлоодон кийин алмаштырууга убада берген.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоонун өткөнүнө 10-сентябрда 8 ай болду, бирок президент Садыр Жапаровдун кудалары кызматтык орундарында дале отурат.
Арадан бир жыл өттү, ката болуп кабыл алынгандан кийин оңолушу керек болчу. Бирок жагдай өзгөрбөй, ошону менен эле токтоп калбай, алардын көмүскө иштерге аралашканы боюнча материалдардын чыгып жатышы, демек, бир жылдан бери Кыргызстанда баары ошол бойдон калганынан кабар берет. Мындай пикирин көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда укук коргоо органдары менен сот системасы өзгөрмөйүнчө эч нерсе өзгөрбөйт.
«Кыргызстанда баягы эле коррупция гүлдөп-өнүгүп жатканынан, абал жакшырбаганынан кабар берет. Демек, биз өзгөрүү-өнүгүү жолуна түшкөн жокпуз. Коррупциянын эмнеси жаман? Ошол акчага көбүрөөк мүлк сатып алганы, жер сатып алганы эмес, ал деген биз колдонуп жаткан жолдордун, ооруканалардын начардыгы, тактап айтканда, мунун айынан бир аймакта курула турган оорукана, мектеп курулбай калды. Коррупциянын уланышынын коомчулукка тийгизген эң чоң кесепети — ишенимдин жокко чыгышы; бизде үч жолу революция болсо да, бийлик алмашса да, президенттик башкаруу болсо да, эч нерсе өзгөрбөгөндүгү. «Жаңы келген бийлик жаңыча жеп, жаңыча уурдайт экен, биз өз алдынча өлкө боло албайт экенбиз» деген пикир орнойт. Канча бийликти көрдүк, табияты ошол экен: биринчи мүлктөрдүн баарын менчиктештирет экен, андан кийин бийликти менчиктештирет экен, анан бийликти сындап чыккандардын баарын камап баштайт экен. Эми ушуну көзөмөлдөй турган система керек. Ал ким? Ал — укук коргоо органдары менен сот. Алар өзүнүн милдетин аткарбай жатат. Тескерисинче, Ак үйдү, бийликти коргоп жатпайбы?! Эгерде аталган эки тармакта реформа жасалбаса, анда эч нерсе өзгөрбөйт. Көзөмөл, бийликте тең салмак, укук үстөмдүгү орномоюнча, өлкөдө эч нерсе өзгөрбөйт».
Кыргызстандын 30 жылдык эгемендик тарыхында 5 президент башкарса, алардын ар биринин тушунда өлкөнү президенттин жакын адамдары көмүскө башкарып турганын серепчилер айтышат.
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда жубайы Майрам Акаеванын таасири күчтүү болгону буга чейин да бир канча ирет айтылган. Андан кийин 2005-жылдан 2010-жылга чейин өлкө башында турган Курманбек Бакиевдин доорунда уулу Максим Бакиевдин маанилүү чечимдерди кабыл алып келгенин белгилешет. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда шоопуру Икрамжан Илмияновдун таасири күчтүү болгонун, Атамбаевдин уулдары да тастыкташкан. Мындан сырткары экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинде бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун ысымы көп айтылган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Абдрахманов демократиялык стандарттагы башкаруу системасын курбагандан кийин туугандардын жана кудалардын башкаруусу улана берет деп эсептейт.
«Батыштагыдай демократиялык стандарттагы башкаруу системасын кургула, ошондо тууганчылык жок болот. Өнүгүү жана реформа, баары болот. Аны курбагандан кийин эмне боло турганын 30 жылдан бери айтып келе жатабыз: «Тигинин аялы башкарды, мунусунун баласы башкарды, тигинин шоопуру башкарды, бирөөнүн лимону башкарды, а бирөөнүн болсо досу башкарды», — деп. Бул бизде эч качан түгөнбөйт. Демократияны куруу үчүн батыштык демократияны жактаган шайлоочулар керек. Элдин баары эскиликке, динге, башка кландарга, билимсиздикке кеткен. Ошондуктан жакынкы аралыкта демократиялык башкаруу болушу мүмкүн эмес».
Кыргызстанда жумушка орношуу үчүн тамыр-тааныштыкты колдонуу кеңири жайылган. Илимий тилде бул неопатизм деп аталат. Ошол эле учурда бийликке келген күчтөр кланга айлануу аракетин көрүп келишет.
«Клан (саясий клан) — мамлекеттик бийлик үчүн же буга чейин ээ болгон колундагы бийлигин сактап калуу үчүн күрөш жүргүзгөн, патриархалдык (үй-бүлөлүк, туугандык, уруулук) же жердешчил, региондук жана азыркы саясий уюмдардын мүнөздөрүн айкалыштырган, башкаруучу элитада туруктуу, формалдуу эмес бирикме».(Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы, Бишкек, 2004, 340-бет)
Азыркы учурда бийликти жарандык активисттер менен журналисттер гана көзөмөлдөп турганын, бийликтин тизгинин тартып коюучу парламенттин күчү такыр жоголуп баратканын, ал эми сот системасында дале көз карандылык өкүм сүрүп келе жатканын саясат талдоочу Сейтек Качкынбай белгилейт.
Анын пикиринде, тууганчылыктан арылуунун бир гана жолу бар. Ал — меритократия.
«Меритократия — кызматка жөндөмдүүлөрдү гана тандап алуу. Бул система Германияда, Японияда, Америкада, Сингапурда жана башка өлкөлөрдө колдонулат. Бул — катуу жана ачык сынак системасы. Сынактан ким өтсө, социалдык жана финансылык абалына карабастан кызматка келет. Бул системаны президенттик башкаруудагы биздин шартта деле ишке ашырса болот. Ал үчүн президент айланасына күчтүү команда топтошу керек. Тажрыйбалуу, чет өлкөдө окуп, иштеп келгендерди жумушка алышы керек. Мисалы меритократия Кытай, Сингапур сыяктуу демократиялуу эмес өлкөлөрдө деле ишке ашты. Бул өлкөлөрдө тууган, тааныш, коррупция жолу менен эмес, жалаң күчтүү, илимдүү-билимдүүлөрдү алып келген система орногон. Меритократия негизи демократиянын шартында жакшыраак болмок, бирок президент билимдүү, аркы-беркини көргөн, чечкиндүү болсо, президенттик башкаруу системасында деле орнотсо болот».
Кошумчалай кетсек, бүгүн түштөн кийин президенттин кудасы, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен кызматынан алынды.