Биз менен байланышыңыз

«Үй-бүлөлүк башкаруу бардык бийлик бутактарына жайылды»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 568 | 0

Бажалардын жагдайы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын шарттайт. Бирок система өзгөрмөйүнчө, жаңы кадрлар да туугандарын кызматка коё берет. Мындай пикирин саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик башкаруунун үй-бүлөлүк системасы чейрек кылым мурда пайда болгон. Андан арылуу үчүн мамлекеттик башкаруу, шайлоо, саясий, укуктук системаларды өзгөртүү зарыл.

Кыргызстанда бийликке келген адам өз туугандарын кызматка тартат. Ал эми туугандарынын бирөө «серый кардинал» болот. Мындайлар баарында бар.

«Мамлекеттик башкаруу – борбордук бийлик болгондуктан, ага ар дайым кызыкдарбыз. Анткени, борбордук бийликтин колунда баары бар. Андыктан, кызматка келгендер үй-бүлөлүк-кландык башкарууну орнотууга аракет кылат. Абылгазиевди өкмөт башчылыкка шайлаган ЖК менен президенттен «Эмне үчүн ушундай адамды койдуңар?» — деп сурашыбыз керек. Алар кызматка коёрдо мактап келишет, эртеси «Бул мындай турбайбы», — деп өздөрү четке чыга берет. Бизде жаңы президент иштеп жатканы менен система ошол бойдон калды. Эмне үчүн президент ушул маселелерди көтөрбөйт?», — дейт Бөрүбашев.

Ал буга кошумча, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун себептерине токтолду.

«Биринчиден, мыйзамдар үй-бүлөлүк башкарууга шарт түзүп койгон. Экинчиден, мамлекеттик бийликте жоопкерчилик жок. Ушулардын негизинде бийлик элдик көзөмөлдөн четтеп калган.  Мурда үй-бүлөлүк башкаруу Бишкекте гана болсо, азыр ар бир айылга барды. Башкача айтканда, бардык бийлик бутактарына жайылып кетти», — дейт саясат талдоочу.

Белгилей кетсек, «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу экендиги ачыкка чыгып, коомдун талкуусуна жем таштаган.

Copyright © 2017 Maral FM