Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Өкмөт башчыны кетирүүгө деңгээлибиз жетпей жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 1722 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде «серый кардиналдар» — кадр саясатын, «капчыктар» — каржы саясатын чечерин билдирди.

Анын айтымында, кыргыз саясатында «серый кардинал» интитуту болуп келген жана мындан ары да улана берет. Азыр деле эл арасында ушундай сөздөр угула баштады. Мындан улам, алардын жок экенинен күмөн санай албайсың.

Маалым болгондой, «Ачык өкмөт» уюмун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев башкарат.

Эл өкүлү, «Ачык өкмөт» болгон соң, долбоордун башындагы кадамдар ачык болушу керектигин белгилейт.

«Уюмдун башында өкмөт башчынын бажасы турса, долбоор шек жаралат. Иманкадыр Рысалиев өкмөттүн жыйындарына катышып, министрлердей эле сөз алып сүйлөп, сунуш киргизип жүрөт. Өкмөттүн Аппаратында отуруп жыйын өтөт. Илгери Чудиновдун жанына Максим Бакиев отуруп, «ЦАРИИ» деген пайда болгон эле. Азыр да ушундай болуп калыптыр. Мунун баарын өкмөттөгү адамдар ачыктап, карапайым эл көрүп жатса да, «биз билген жокпуз» деп танып жатат, бул эмне деген бийлик?», — дейт депутат.

Момбеков мындан сырткары, өкмөт башчы боюнча Жогорку Кеңеш жоопкерчилик алышы зарыл экенин айтып өттү.

«Өкмөт башчы болуп келгенде, баары мотурайып жакшы болуп келет. Анан ортодон эле ойрон болуп кетүүдө. Буга ЖК, өкмөт башчыны сунуштаган көпчүлүк коалиция жоопкерчилик алышыбыз керек. Парламент өкмөт башчыны кызматтан кетирүүгө деңгээлибиз жетпей, мүмкүнчүлүк жарата албай жатабыз. Кептин баары башкаруу системасында болуп жатат», — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM