Биз менен байланышыңыз

Депутаттык комиссия «КТ Мобайлдын» ишин иликтөөгө киришет

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 523 | 0

Бүгүн, 17-майда саат 11:00дө Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму болот.

Бул тууралуу Жогорку Кеңешин маалымат кызматы билдирди.

Аталган компаниянын ишин иликтөө боюнча кечээ Парламенттик комиссия түзүлгөн.

«Кыргыз Телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары кызматына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар Иманкадыр уулу дайындалып, бул коомчулуктун кескин сынына кабылган болчу.

Андан кийин Өкмөт башчы ишкананын жетекчисинин орун басарын тезинен кызматтан кетиши керектигин билдирген.

Ал арада «КТ Мобайлдын» директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу кызматынан кеткени коомчулукка жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM