Биз менен байланышыңыз

Момбеков: План менен башкарсаң өсөсүң, клан менен башкарсаң өлөсүң

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 674 | 1

Учурда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тегерегинде болуп жаткан маселелер Апрель революциясына алып келген үй-бүлөлүк кландык башкарууга өбөлгө түзүүгө негиз болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өкмөттүн отставкага кетүүсүн экономикалык маселелер шарттап келсе, учурда саясий жак да түрткү болууда.

Мындан улам, өкмөттүн моралдык жоопкерчилиги да каралышы керек.

«Абылгазиев электрондук өкмөткө бир тууган бажасын коюп, анын баласына түшкө кирбеген маяна чегерип, «аны билбей калыптырмын» деп, билген соң, «айлыгын билүүгө 3 күн тапшырма бердим» дегени да жооппу? Айлыгын текшерүү үчүн бухгалтерине байланышса эле, 300 миң маяна алып жатканын айтмак. Абылгазиевдин бажасынын уулу кызматка келип калганын билбей койдум дегенине ишенбейм. Бизде башында план менен келип, аягында клан менен чыгып кетет. Мындан улам пландык башкаруу эмес, кландык башкаруудан арыла албай жатабыз. План менен башкарсаң өсөсүң, клан менен башкарсаң өлөсүң дегендей эле кеп. Жыл башында баланча киреше менен келебиз дейт да, аягында абийири жок чыгып жатат», — дейт Момбеков.

Эл өкүлү өкмөт «ээрге отурганда» эле ачуу сын пикирин айтып келип, жыл бою тепкилеп, отчетун кабыл алууда да каршы болгонун кошумчалады.

Эске салсак, «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу экендиги ачыкка чыгып, коомдун талкуусуна жем болгон. 16-майда Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени көз жаздымда калтыргысы келбей, териштирип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM