Биз менен байланышыңыз

Момбеков: «Ширшовдун системасы» кайра кирди

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 323 | 0

Айрым маалымат каражаттарында Ширшов кириптир деп айтылып кетпедиби. Ширшовдун киргени чатак эмес, кептин баары «Ширшовдун системасынын» киргенинде. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Кеп Ширшовдун таманыныда эмес, кеп Ширшовдн заманында. Кеп Ширшовдун кадамында эмес, кеп Ширшовдун адамында. Мына Ширшовдун убагындагыдай энергосистемасында өчүрүүлөр башталды. А булар аны пландык өчүрүү деп атап алышыптыр. Ага ким ишенет. Бүгүн 7-октябрда Чүйдүн жарымында жарык жок. Мен эрте менен «Түндүкэлектрди» карадым. Оңдоп түзөө иштери деп турат, жайында оңдобойбу. Кышка даярдыкты күзүндө кылабы?! Жылытуу мезгилине Өкмөттүн даярдыгы жок экендигин көрдүк», — деди Момбеков.

Ошондой эле ал Энегетика министрлиги кышка кам көрбө кадр алмаштырууга кам көргөндүгүн сындады.

Мындан сырткары Момбеков кышка кам көрбөгөн энергетика тармагындагы эрксиз кызматкерлерди кызматтан кетирүүнү талап кылды.

Кошумчалай кетсек, Алексей Ширшов энергетика тармагына катардагы кызматкер катары келип, мамлекеттин эсебинен өзүнө эбегейсиз байлык топтоп, мурдагы президенттердин балдары Айдар Акаев менен Максим Бакиевге да бул тармактан миллиондорду уурдого жардам берген адам катары белгилүү.

30-сентябрда журналист Замир Казакбаев 28-сентябрда Бишкекке Ширшов жеке учагы менен келип, Орион мейманканасына жайгашып, Дастан заводунун учурдагы директору менен жолукканын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM