Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Абылгазиевдин иниси баңги заттарды көзөмөлдөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 2124 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган иниси Азиз Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Баңги заттарды көзөмөлдөөчү башкы башкармалыкты жетектейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Өкмөт башчынын шеринелеш достору Саламаттыкты сактоо министрлигин, Өкмөттүн Аппаратын башкарып жатканы… Абылгазиевдин бир тууган иниси Азиз Абылгазиев Баңги заттар боюнча башкармалыкты көзөмөлдөйт. Дүйнөдө экинчи ири бизнес — дары-дармек сатуу. Баңги зат кошулган дарылар эң кымбат.  Жогорку Кеңештин комитети кызматын карап көрүү боюнча чечим чыгарып берсе да, эмнеге кызматтан албай жатат? Мына ушулардын баары пландык башкарууга көлөкө түшүрүп жатат», — дейт Момбеков.

Эл өкүлү, президент Сооронбай Жээнбеков эл менен болгон ар бир жолугушуусунда кландык башкарууга жол бербей турганын какшап айтып келе жатканын белгилеп, өкмөт башчы үлгү болгондун ордуна, маселелер премьер-министрдин түбүнөн чыгып жатканы, элдин бийликке болгон ишенимин төмөндөтөрүн билдирди.

«Абылгазиевдин бажасынын уулу кызматка келип калганын билбей койдум дегенине ишенбейм. Бизде башында план менен келип, аягында клан менен чыгып кетет. Мындан улам пландык башкаруу эмес, кландык башкаруудан арыла албай жатабыз. План менен башкарсаң өсөсүң, клан менен кетсең өлөсүң дегендей эле кеп. Жыл башында баланча киреше менен келебиз дейт да, аягында абийири жок чыгып жатат», — дейт депутат.

Эске салсак, «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу экендиги ачыкка чыгып, коомдун талкуусуна түшкөн. 16-майда Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени көз жаздымда калтыргысы келбей, териштирип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM