Биз менен байланышыңыз

17-майда «КТ Мобайл» компаниясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму болот

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 532 | 0

Эртең, 17-май саат 11:00дө Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңешин маалымат кызматы билдирди. 

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Жанарбек Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков , «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, «Кыргызстан» фракциясынан Алмаз Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, «Бир Бол» фракциясынан Акылбек Жапаров, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди. Алар бир ай ичинде иликтөөнүн жыйынтыгын депутаттарга тааныштырууга тийиш.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик «Кыргыз Телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүшкөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM