Биз менен байланышыңыз

Прокуратура Дамир Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратууну сурады

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 481 | 0

Аскердик прокуратура кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрдү деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу адвокаты Темирлан Кожакматов билдирди.

Анын айтымында, Дамир Мусакеевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн  айыптоодо.

«Эркинен ажыратуудан сырткары, прокуратура 70 миң сом айып салууну да суранды. Сот жыйыны 23-майга калтырылды», — деди Темирлан Кожакматов.

Эске салсак, буга чейин Дамир Мусакеевге мыйзамсыз баюу жөнүндө кылмыш иши козголуп, кызматта турган 2010-жылдан 2017-жылга чейин 20 миллион сомдук мүлктү мыйзамсыз сатып алгандыгы аныкталган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM