Биз менен байланышыңыз

Сарыбашов: Быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 бала бакча курулат

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 492 | 0

Бүгүн, 16-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Тилек кичи районундагы №71 «Үмүт» балдар бакчасынын абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Шаар мэри үнөмдөлгөн акчага бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталарын билдирип, долбоорун даярдоо тапшырмасын берди. Буга чейин Ак-Тилек кичи районунун тургундары калаа башчысына кошумча бала бакча куруу зарылчылыгы менен кайрылышкан. Аталган кичи райондо 200дөн ашуун бала тарбияланган мамлекеттик «Үмүт» балдар бакчасы гана бар.

«Жакында жер маселеси чечилсе, Ак-Тилек кичи районуна да жаңы бала бакча курабыз. Шаарда бала бакчалардын санын көбөйтүшүбүз керек. Быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча курулат. Андан үнөмдөлгөн акчага Ак-Тилекке үчүнчү бала бакча салууну пландадык», — деди калаа башчысы.

Ошондой эле, Таалайбек Сарыбашов жеке жактарга берилип кеткен 4 бала бакчанын мурунку имараттарын кайтарып алып, оңдоодон өткөрө турганын кошумчалады. Мындан тышкары, балдардан да кабар алып, алардын тамак-ашына өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертти. 

Copyright © 2017 Maral FM