Биз менен байланышыңыз

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 526 | 0

КСДП жана «Өнүгүү — Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде «Кыргыз Телеком» ЖЧКсына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Жанарбек Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков , «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, «Кыргызстан» фракциясынан Алмаз Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, «Бир Бол» фракциясынан Акылбек Жапаров, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди. Алар бир ай ичинде иликтөөнүн жыйынтыгын депутаттарга тааныштырууга тийиш.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүшкөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM