Биз менен байланышыңыз

«Айыл банктын» мурдагы жетекчиси Мурат Акимов кармалды

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 476 | 0

«Айыл банк» Ачык акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Мурат Акимов кармалгандыгын айрым маалымат булактары укук коргоо органдарына таянып жазууда.

Маалыматка ылайык, Мурат Акимов банктагы ишмердигине байланыштуу кармалган.

Финансылык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, 29-март күнү «Айыл банктын» директорлор кеңешинин кызматтык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алгынган болчу.

Кошумчалай кетсек, «Айыл банктын» акцияларынын 100 %ы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM