Биз менен байланышыңыз

Финансылык институттар аймактык кредиттердин көлөмүн көбөйттү

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 622 | 0

Өлкөнүн финансы институттары -Орус-Кыргыз өнүктүрүү Фонду, «Кепилдик фонд» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК аймактык ишкерлерге берилген кредиттердин көлөмүн жана суммасын көбөйттү. Бул тууралуу аталган финансылык институттардын жетекчилери бүгүн, 6-мартта Президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда маалымдашты.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата жалпы суммасы 304 млн долларды түзгөн 1 653 долбоор жактырылган. 2018-жылдын ичинде жактырылган кредиттердин суммасы 42,1 млн долларын түзүп, саны 2 эсеге өсүп, 1653 долбоорду түзгөн.

«Кепилдик фондунун»  төрагасы Малик Абакиров маалымдагандай, 2018-жылдын аягына карата Кепилдик фонддун портфели 755 млн сомго 656 гарантия түзгөн. Берилген кепилдиктердин эсебинен коммерциялык банктар тарабынан 2,7 млрд сомго кредиттер берилген.  2019-жылга карата 1 млрд сомго чейин кепилдик берүү пландалууда.

«Айыл Банктын» төрагасы Мурат Акимовдун айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу жыл ичинде Айыл Банктын кредиттик портфели 14,7 млрд сомдон 19,3 млрд сомго чейин өскөн. 2018-жылы 13,20 млрд сом өлчөмүндө 50 940 кредит берилип, өзгөчө сүттү кайра иштетүү жагына көңүл бурууда.

Өз кезегинде «РСК Банктын» төрагасы Азизбек Оморкулов белгилегендей, 2017-жылга караганда 2018-жыл ичинде РСК Банктын кредиттик портфели 10,7 млрд сомдон 12,6 млрд сомго чейин өскөн. «РСК Банк» мобилдик банкинг кызматын киргизди, эми эл көпчүлүк төлөмдөрдү интернет аркылуу жүргүзсө болот.

Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Copyright © 2017 Maral FM