Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Айыл Банктын» жетекчилиги менен жолугушту  

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 478 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл банк» ачык акционердик коомунун жетекчилигин – башкармалыктын төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана кеңештин төрагасы Малабек Токтоболотовду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекеттик банктын ишмердүүлүгүнүн калкты насыя каражаттары менен жеткиликтүү камсыз кылуу, айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө жана ипотекалык кредиттөөнү жакшыртуу боюнча маселелер топтому талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, дыйкандарды кредиттөө жана аймактарда бизнес-долбоорлорду каржылоо багытында банктын алдына коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу маанилүү.

«Өлкө аймактарында бизнес-долбоорлорду каржылоо максатында кредиттик продуктулардын кошумча пакетин иштеп чыгууга көңүл буруу керек», — деди Өкмөт башчы.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Айыл банк» акционердик коомунун жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM