Биз менен байланышыңыз

Айыл чарбасын каржылоого 4 млрд 599 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 527 | 0

«Айыл чарбаны каржылоо-7» долбоору менен ушул жылдын 4-июнуна карата 4 млрд 599 млн 197,7 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Айылдык товар өндүрүчүүлөрдү мамлекеттик колдоо максатында «Айыл чарбаны каржылоо-7» программасы боюнча «Айыл Банк», «РСК-Банк» жана башка коммерциялык банктар аркылуу ушул жылдын 4-июнуна карата 4 млрд 599 млн 197,7 миң сомго 9612 жеңилдетилген насыя берилген.

Алардын ичинен 699 чарба субьектилери 85 млн 082,0 миң сом акча каражатын кепилдиксиз алышкан.

«Дыйканчылык» программасы боюнча 1,0 млрд 022 млн 604,9 миң сом акча каражатына 2688 жеңилдетилген насыя берилген.

«Мал чарбасы» программасына – 2 млрд 578 млн 308,5 миң сомго 6667 жеңилдетилген насыя; ал эми «Айыл чарбасын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү» программасына — 998 млн 284,3 миң сомго 257 жеңилдетилген насыялар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM